Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.10.2018 10:38

Айыл турмушу: Акын Ш.Дүйшеевдин карындашы Ы.Койчиева окуучуларына ыр жазуунун ыкмасын үйрөтөт (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 48 жаштагы тургуну Ырысгүл Койчиева окуучу кезинен бери капаланып же кубанганда кагаз бетине ырларды түшүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жогорку билимге ээ болуп, учурда айылда мугалим болуп иштейт.

«Ар бирибиз бала кезде бул же тигил кесиптин ээси болом деп кыялданат эмеспизби. Мен дагы мугалимдик жана дарыгерлик кесипти баалап, акыры мугалим болдум. Мектепте окуп жүргөндө чет тилдерге кызыккандыктан 1994-жылы шаардагы Бишкек гуманитардык университетиндеги орус тили жана орус адабияты факультетин ийгиликтүү аяктадым. Ошол жылдан азыркы күнгө чейин Казыбек айылындагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде мугалимдик кесипти аркалап келем.

Ал эми ырга болгон шыгым 13 жашымда ойгонуп, окуучу жана студенттик кезимде көп ыр саптарын кагаз бетине түшүрүп жүрдүм. Көп учурда кайгырганда же кубанганда ыр жазчумун. Азыр ырды маданий иш-чараларда же болбосо окуучуларыма, кесиптештериме арнап жазам. Окуучуларымдын арасында таланттуу ыр жазган балдар-кыздар көп. Аларга кандай жазуу керектигин көрсөтүп, үйрөтөм.

Ыр жазуу апамдан калса керек деп ойлойм. Ал жамакчы адам болгон. Белгилүү жазуучу Шайлообек Дүйшеев менин энелеш агам болот», - деди ал.

Мугалимдин жолдошу Абдыкерим Ыдырысов экөөнүн 4 баласы жана 1 небереси бар. Жолдошу дыйкан чарба менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×