Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 21.10.2018 12:22 Жаңыланды: 21.10.2018 17:19 На русском

Сүрөт: Жумгалда үйлөнүү тойдон кайткан унаа оодарылып, айдоочу каза болду

Turmush -  Жумгал районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн Көк-Ой айылындагы жол кырсыктан 24 жаштагы жигиттин өмүрү кыйылды. Айдоочу 20-октябрда таңкы саат 06:15 чамасында айылдын башталышындагы көпүрө тараптан башкаруусун жоготуп, унаа ала салып кеткен.

Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тастыктаган маалымат боюнча, жаракат алган айдоочу — 1994-жылы туулган жергиликтүү жашоочу көп узабай көз жумган. Ал тууганы – классташынын үйлөнүү тоюнда болуп, коноктордун бирин Көк-Ой айылынан райондун борбору Чаек айылына (аралыгы 10 км) жеткирип кайткан.

Кырсык учурунда унаада жалпы 3 адам болгон. Жүргүнчүлөрдүн бири ооруканага кайрылса, экинчиси жеңил жаракат алган. Унаа маркумга тиешелүү эмес болчу.

Учурда бул факты боюнча укук коргоо органдары тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×