Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 20.10.2018 15:36 Жаңыланды: 22.10.2018 08:09 На русском

Сүрөт: 65 жаштагы Сабира Искендерова — тракторчу, бизнесмен, кол өнөрчү жана бир нече жолку депутат

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 65 жаштагы тургуну Сабира Искендерованы тракторчу айым катары таанышат. Ал ушул эле айылда төрөлүп, орто билимге ээ болгон.

1971-жылы турмушка чыгып, жолдошу трактору менен айылдаштарына кызмат көрсөтүп жүргөнүн аймактык кабарчы менен таанышканда айтып берди. Өзүнүн айтымында, трактор айдаганга абдан кызыгып, мектепте жакшы окуган.

«Мектепте окуп жүргөн кезде эле трактор айдаганга аябай кызыкчумун. Биздин убакта мектепте ушул боюнча сабактар да болчу эле. 1971-жылы Сейтак агайдан трактор айдоону үйрөнүп, 1976-жылы айдоочулук күбөлүк алгам. Окуумду бүтөрүм менен өзүбүздүн айылга эле келин болдум.

Жолдошум ошол кезде трактор айдап, айылдаштарыбызга кызмат көрсөтүп, жер иштетчү. Ага жардам берип, алгач талаада ашпозчу болуп иштедим. Трактор айдаганды жакшы көргөндүктөн жолдошумдан талашып турчумун. Ал эми 1986-жылдан 1991-жылга чейин трактор айдап, буйрутма менен айылдаштарыма кызмат көрсөтүп жүрдүм.

Союз таркагандан кийин 5 жыл жер айдап, картошка жана дары чөптөрдү сатып киреше таптык. Биздин 4 уулубуз, 3 кызыбыз бар. Балдарым дагы трактор айдоого кызыгып, үйрөнүшкөн. Алар учурда дыйкан чарба жана устачылык менен алектенишет. Ал эми кыздарым турмуш жолунда», - деди ал.

Сабира Искендерова азыркы тапта кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Кичинекей кезимден эле кийизден баалуу белектерди, шырдактын түрүн жасап, өрмөк согом. Аларды жасоону чоң энемден үйрөнүп, азыркы күнгө чейин пайдасы тийип, киреше таап жатам. Алгач союз жоюлган кезде кол эмгектеримди сатыкка чыгара баштагам. Мен жасаган буюмдар Франция жана Англияга чейин сатылып, көргөзмөлөргө барып келем.

Мектепте окуп жүргөндө кол эмгек сабагынан кийим тигүүнү үйрөнгөм. 1973-жылдан 1975-жылга чейин өзүмө жана балдарыма кийим тигип, түймө түйүп, буйрутма алып иштедим. Акыркы 6 жылдан бери жолдошум экөөбүз Ат-Башы районуна караштуу Босого жайлоосунда боз үй тигип, чет өлкөдөн келген меймандарды тосуп жатабыз», - деди Сабира Искендерова.

Чебер айым айылдык жана райондук кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган. Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси.

«Мен айылдык советте 1971-жылдан бери 5 жыл депутат болуп эмгектенип, 1991-жылга чейин райондук советке 2 жолу депутат болуп шайлангам. Ушул эле жылы Нарын облусунун депутаты болуп 3 жыл эмгектенсем, кайрадан 2000-жылдан 2008-жылга чейин айылдык кеңештин депутаты, 2008-жылдан 2012-жылга чейин райондук кеңештин депутаты болуп иштедим. 2014-жылы "Ак-Муз айылынын ардактуу айымы", 2015-жылы "Мыкты турист тосуучу" наамдарынын ээси болдум», - деди ал.

Жолдошу Жумабек Орозакунов экөөнүн бирге түтүн булатып жашап жатканына 47 жылдын жүзү болду. Алар 17 неберелүү болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×