Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.10.2018 08:13

Айыл турмушу: Мугалим Б.Абдыбеков чыгармачыл балдар үчүн ийрим ачып, элеттик апаларга бийдин түрүн үйрөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 40 жаштагы тургуну Байыш Абдыбеков аталган айылдагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинде 22 жылдан бери эмгектенип келет. Ал атайын окуучулар үчүн театр ийримин жана музыка бөлмөсүн ачып, ага атасынын ысымын ыйгарган. Аны менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Мугалимдин айтымында, жогорку билимге ээ.

«Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун уюштуруучу усулчу жагын 2000-жылы сырттан аяктагам. Апам ооруп, төшөктө жатып калганына байланыштуу окуумду сырттан окууну уланткам. Апамды карап, айылда жүргөн кезде Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинин жетекчиси мага музыка жана экономика сабактарынан окуучуларга билим берүүнү сунуштап, ошондон азыркы күнгө чейин ушул мектепте эмгектенип келем. Учурда жаран таануу сабагынан окуучуларга билим берүүдөмүн.

Былтыр И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин сырттан окуп бүтүрдүм. Атамдын атынан музыка бөлмөсүн жана сахна маданиятын калыптандырууну пландап, балдар үчүн театр ийримин ачтым. Учурда 40 окуучум бар. Облустук деңгээлде дебат клубу жоюлуп бараткандыктан айылга окуучулардын тилин жатыктырып, сүйлөө речин калыптандыруу үчүн дебат клубун ачып, жетектөөдөмүн.

Азыркы тапта окуучуларым менен залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына даярдык көрүп жатабыз. Буюрса Таластын Шекер айылына барып, белгилүү жазуучубуздун "Кылым карытар бир күн" чыгармасын аткарып келебиз. Шакирттерим буга чейин сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп, мени кубандырып келишет. Алар абдан таланттуу балдар. Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратат деп ишенем», - деди ал.

Мугалим айылдагы «Шайыр апалар» тобуна жана окуучуларга бийден сабак берип келет.

«Атам, апам экөө тең чыгармачыл адамдар. Жогоруда айтылгандай эле Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда билим алып жатканымда бийди өздөштүргөм. Айылыбыздагы "Шайыр апалар" тобуна жана окуучуларыма бийдин түрүн үйрөтүп, аларга сабак берип келем. Мектептин атынан чыгып, 1996-жылдан бери көптөгөн сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келүүдөмүн. Райондук, облустук жана министрликтин грамоталары менен сыйлангам. 2008-жылы "Эл агартуунун отличниги", 2010-жылы билим берүүдөгү жетишкендигим боюнча Р.Отунбаевадан грамота алгам. 2016-жылы Ат-Башы району боюнча "Мыкты мугалим" аталсам, быйыл "Эң мыкты дарбазачы" наамын алдым», - деди ал.

Б.Абдыбеков мындан тышкары спорт менен алектенип, футбол оюнунан ийгиликтерди жаратып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×