Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.10.2018 13:51 На русском

Айыл турмушу: Ашпозчу В.Качкынбаева асыл тукум үй канаттууларын багып, киреше табууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын 45 жаштагы тургуну Венера Качкынбаева 9 жылдан бери айылдагы бала бакчада ашпозчу болуп эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 3 ай ашпозчу боюнча билим алган.

«Мен айылыбыздагы "Тамчы булак" бала бакчасына 2009-жылы ашпозчу болуп киргем. Анда азыркы бала бакчанын жетекчиси Гүлбарчын экөөбүз гана иштечүбүз. Орто жолдон 1 жылдай Россияга кетип, иштеген жокмун. Ал жактан келип, бала бакчада кир жуучу жайында эмгектенип, кийин 3 жылдан бери ашпозчулук кесипти аркалап келем. 2017-жылы Ат-Башы районундагы №32 кесиптик лицейинде ашпозчулук боюнча 3 ай окуп, сертификат алдым», - деди ал.

Ашпозчу В.Качкынбаева тоок, үндүктөрдү багып, кошумча киреше табат.

«Союз таркагандан кийин оор жылдар болду. 1993-жылы жолдошум экөөбүз тоок, үндүк алып, аны багып, киреше таап жүрдүк. Ошондон азыркы күнгө чейин тоок менен үндүк багууну өздөштүрүп, кошумча киреше табуудамын. Учурда эт багытындагы 20 тоок жана 25 үндүк бар. Тооктун жумурткалары кадимки тооктордун жумурткасынан айырмаланып, чоң болот. Аларды 40-50 сомдон баалайм. Үндүктүн эти жылкынын эти сымал, ток пейил жана жеңил болот. Аларды 1000-1500 сомго чейин баалап сатам. Үндүктөр абдан мажүрө болгондуктан, аларды жаңы төрөлгөн баланы баккандай багуу керек. Түн ортосунда суу берип, чалкасынан жатып калса тургузуп, айтор карап турабыз», - деди ал.

Жолдошу Майрамбек Усубалиев экөөнүн бирге түтүн булатып келе жатканына быйыл 27 жылдын жүзү болду. Алардын 3 баласы, 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×