Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусу, Нарын 16.10.2018 14:58

Айыл турмушу: Тамара Жузубалиева кыялданган кесибине ээ болуп, бөбөктөрдү тарбиялап жатат (сүрөт)

Turmush -  49 жаштагы Тамара Жузубалиева 27 жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип келет. Ал жаш кезинен спорт менен машыгып, көп ийгиликтерди багындырганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Тамара Жузубалиева 1969-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Эмгек жолун Нарын шаарындагы «Ынтымак» бала бакчасында баштап, ал жерде 7 жыл жетекчи болуп иштеген. Учурда ушул эле бала бакчада методист, тарбиячы болуп иштейт.

«Айылдагы эжем бала бакчада тарбиячы болуп иштечү. Анын балдар менен иштеп жатканын көрүп суктанып, эжемдей болуп иштөөнү кыялданар элем. Кудай буйруп, бул кыялым аткарылды. Мектепти аяктаган соң Бишкектеги кыз-келиндер институтунда мектепке чейинки билим берүү факультетин окуп бүтүрдүм. Студент кезде спорттун бардык түрү менен машыктым. Окуу жайда жалаң орус, негр кыздар менен волейбол мелдештерге катышчумун. 1991-жылы окуу жайды бүтүрүп, Нарын шаарындагы №17 "Ынтымак" бала бакчасында тарбиячылык кызматка келдим. 2003-жылы ушул эже бала бакчанын жетекчиси болуп дайындалып,7 жыл иштедим. Андан соң өзүмдүн каалоом менен 2010-жылы ал кызматты өткөрүп берип, тарбиячы, методист болуп эмгектенип жатам.

Мен өтө катаал убакта жетекчи болдум. Ал учурда 2 эле тайпа бар болчу. Бирок бат-баттан долбоор жазып, жокчулук убакта көп иштерди жасадым. Анда балдар туруп алып тамак ичишчү. Атам дыйкан болчу, картошка, унду акысыз түшүрүп берчү. Жыйынтыгында оор кырдаалдан чыктык. Учурда бала бакчадан сырткары мугалимдердин билимин жогорулатуу курсунда лектор, усулдук билим берүү борборунда облус боюнча сессия жетекчиси болуп эмгектенип жатам», - деди ал.

Тамара Жузубалиева балдарды кантип тарбиялоо керектигине токтолду.

«Балдар үчүн төрөлгөндөймүн. Бала бакчадагы балдардын ар биринин жүрүм-турумун, мүнөзүн билип калдым. Баарын өз балдарымдай жакшы көрөм. Алар өтө таза жана сезимтал болот. Ошондуктан жумуштан эс алып калам. Ата-энелер балдарга көбүрөөк көңүл буруп, көп сүйлөшүүсү керек. Мисалы, бала бакчага жаңы келгенде кандай үй-бүлөдөн келгени, тарбиясы дароо билинип калат. Баланын тарбиясы ата-энеден көбүрөөк көз каранды. Ата-эне баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша билим берүүсү керек. Эркеликтен көп баланын тили кеч чыгат. Мындан сырткары баланын манжалары өнүгүшү керек. Манжалардын көп кыймылдоосу баш мээнин өнүгүүсүнө, иштөөсүнө түрткү берет», - деди ал.

Тарбиячы 1 кыз жана 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×