Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 16.10.2018 13:05

Нарында акыркы 9 айда мал уурулукту кесип кылган 31 адам кармалган

Turmush -  Нарын облусунун аймагында 9 ай аралыгында мал уурулукту кесип кылган 31 адам, анын ичинен 23 адамдан турган жети кылмыштуу топ кармалган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 9 айында мал уурулук жана мал жоготуу багытында тургундардан жалпы 136 арыз даттануулар түшүп, тергөөнүн өндүрүшүндө жалпы 124 кылмыш иши болуп, отчеттук мезгилде 80 учуру боюнча кылмыш иши козголгон. 119 кылмыш иши тергелип, 91 мал уурулук кылмыштарынын бети ачылган.

2018-жылдын 9 айында 155 баш мал уурдалып, 79 баш мал ээлерине өндүрүлүп берилген. Жабырлануучуларга 2 млн 72 миң сом зыян келтирилип, келтирилген зыяндын 842 миң сому өндүрүлгөн.

Жалпы катталган 136 арыздын 55 учуру боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, анын ичинен 53 арыз даттануу боюнча малдары табылып, ээлерине кайтарылып берилген. Ал эми облус боюнча жоголгон 252 баш малдын 231 башы ээлерине кайтарылып берилген.

Мал уурулук кылмыштардын көпчүлүгү түн ичинде жасалып жаткандыгы белгилүү. Анализдеп караганда түн ичинде 89, ал эми күндүз 47 кылмыш иштери жасалган. Айрыкча малдардын жайлоолордо жана жайыттарда кароосуз калуусу, ошондой эле кесүүлөрдү жана бадаларды уюштурбагандыктан мал жоготууга жана мал уурдоого шарт түзүлүүдө. Облустун аймагында козголгон мал уурулук кылмыштарынын арасынан 73 факты жайыттардан, 36 учур короо-сарайлардан, 27 факты башка жерлерден катталган.

9 ай ичинде облустун аймагында мал уурулукту кесип кылган 31 адам кармалып, мунун ичинен 23 адамдан турган 7 кылмыштуу топ кармалган. Алар тарабынан 62 кылмыш иши жасалгандыгы ыкчам иликтөө иштеринин негизинде ашкереленген.

Алсак:

- Кочкор РИИБде 8 адамдан турган 2 топ кармалып, 23 кылмыштын бети ачылган;
- Нарын РИИБде 12 адамдан турган 4 топ кармалып, 33 кылмыштын бети ачылган;
- Жумгал РИИБде 3 адамдан турган 1 топ кармалып, 6 кылмыштын бети ачылган.

2018-жылдын 9 айында облустун аймагында 3 жолу «Мал ууру», 2 жолу «Касапчы» аталыштагы иш-чара өткөрүлгөн. Иш-чара убагында 12 кылмыш, анын ичинен 8 мал уурулук, 4 уурулук кылмыштарынын бети ачылып, издөөдө жүргөн 3 кылмышкер кармалып, дайынсыз жоголгон 1 адам табылган. Мал жоготуу боюнча 7 факт катталып, андан кийин малдар табылып, эсине кайтарылып берилген.

Ошондой эле жыл башынан бери облустун аймагынан башка жактарга сатуу жана керектөөлөргө жумшоо үчүн 39 566 баш мал чыгарылып кеткен. 2018-жылдын 9 айында облустун аймагында жалпы 149 баш малды карышкыр жегендиги аныкталган, анын ичинен 33 баш уй, 78 баш жылкы жана 38 баш кой, эчки.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×