Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 15.10.2018 21:55

Нарында акыркы 9 айда коррупция боюнча 12 кылмыш иши козголгон

Turmush -  Нарын облусунда 9 айда коррупцияга каршы аракеттенүү багытында 12 кылмыш иштери козголуп, мамлекетке 4,3 млн сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды.

Нарын облусунун прокурорунун орун басары К. Д.Токтогазиев билдиргендей, ушул жылдын 9 айында жалпысынан 242 мыйзам бузуулар аныкталып, аларга карата 144 прокурордук актылар келтирилген. Актыларды кароонун жыйынтыгы менен 81 кызмат адамдары ар кандай тартиптик жана 51 администрациялык жоопкерчиликке тартылып, 545 178 сомдук зыян мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Коррупцияга каршы аракеттенүү багытында прокуратура органдары тарабынан жалпы 12 кылмыш иштери козголуп, мамлекетке 4 366 545 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Алардын ичинен укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кызмат адамдары тарабынан пара алуу фактылары боюнча 4 кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 9 айында Нарын облустук прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган координациялык кеңешменин үчүнчү отуруму өткөрүлгөн. Анда коррупцияга каршы аракеттенүү багытында кварталдык иш мерчемдер бекитилип, алардын аткарылышы координациялык кеңешменин мүчөлөрүнүн жалпы добушу менен кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×