Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.10.2018 14:49

Нарында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарындагы унааларга жол эрежелери тууралуу эскертме кагаздары чапталды. Бул тууралуу Нарын облусу боюнча ЖКККБнын штабынын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 9-10-октябрь күндөрү Кочкор, Ат-Башы, Жумгал райондорунун ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан түнкүсүн жөө адамдарды сүзүп кетүү фактыларын азайтуу жана автоунаалардын катуу ылдамдыгынын себебинен болгон унаа кырсыктарын алдын алуу максатында «Ылдамдыкты азайтып, өмүрүңдү сакта» жана «Түндө жарык чагылдыруучуларды тагынып жүр» деген жазуу эскертмелерди айыл аралык жана ички каттамдагы кичи автобус жана таксилерге чаптоо менен айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×