Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуНарын району 12.10.2018 09:52

Нарын районундагы карыяларга 412 миң сомдук акчалай сыйлыктар жана  белектер тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунда 1-октябрь — Карылар күнүнө карата 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык жарыяланган. Анын алкагында карыларга дасторкон үстүндө сый көрсөтүлүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, учурда райондо 80 жаштан 90 жашка чейинки 667, 90 жаштан 100 жашка чейинки 85, 100 жаштан жогору 7 карыя жашайт. Айыл өкмөттөр тарабынан жер-жерлерде иш-чаралар уюштурулуп, карыларга 412 миң сомдук акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды. Ал эми бийлик өкүлдөрү кылым карыткан Жумабекова Телегей, Рыскулова Зейне, Татанаева Айнек, Касымова Сонунбүбү, Баймурзаева Анипа аттуу апалардын үйлөрүнө барып, акыбалын сурашып, белектерин тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×