Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.10.2018 08:25

Нарын шаарында 1,6 млн сомго балдар аянтчасы курулуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын РТС жана Шаркыратма аймактарында түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар коюлуп, балдар аянтчасы курула баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, БУУнун ɵнүктүрүү программасынын 1 миллион 375 миӊ сомдук каржылоосу менен РТС жана Шаркыратма аймактарына 82 даана заманбап түнкү чырактардын түркүктɵрү орнотулуп, электр монтаждоо иштери жүрүп жатат. БУУнун дагы бир программасынын колдоосу менен РТС аймагына балдар ойноочу аянтча курулуп жатат. Аянтчанын айланасы темир торчолор менен курчалып, отургучтар, балдар ойноочу аттракциондор коюлуп, түнкү жарык менен камсыз болду.

Курулуштун жалпы суммасы 1 миллион 630 миң сомду түзөт. Буга чейин бул аймакта балдар үчүн мындай аянтчалар курула элек болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×