Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуНоокат району 11.10.2018 14:44 На русском

Өлүм менен аяктаган жолугушуу: Ноокатта ооруканада көз жумган жигиттин туугандары нааразычылык билдирип чыгышты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 11-октябрда Ноокат райондук сотунун имаратынын алдында Гулистан айыл өкмөтүнүн тургундары чогулушту. Алар адам өлүмүнө байланыштуу ишти караган соттордун ишмердүүлүгүнө нааразы.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, райондун 32 жаштагы тургуну Ахмадулло Абдикадыров 2018-жылы 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында Бостон айылындагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү 2 жигит Ахмадуллого кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан 5-апрелде көз жумган.

Ахмадулло Абдикадыров

Бул окуяга шектүү катары Бостон айылынын 19-21 жаштагы 2 тургуну кармалып, сот аларды 1 айга убактылуу камакка алуу чечимин чыгарган болчу. Алгач бейбаштык менен кылмыш иш козголсо, жабырлануучу көз жумгандан кийин кылмыш иш оор беренеге өзгөртүлгөн.

Кийинчерээк маркумдун атасы Анвар Абдикадыров уулу кыз менен жолукканы барганы тууралуу маалыматтарды жокко чыгарган.

«Балам 32 жашта болчу. Бойдок эмес, 3 баласы бар. Ал Бостон айылына кыз үчүн барган эмес. Баламды өтө катуу сабашкан. Бизге эмне себептен токмоктолгонун да айта албай кетти. Баламдын артынан ушул күнгө чейин бир да арыз түшкөн эмес. Анын өлүмүнүн башка бир сыры бар», - деген атасы.

Ал эми маркумдун кайненеси Одинахон Орипованын айтымында, учурда шектүү болуп кармалган балдардын үчөө гана камакта.

«Окуяга шектүү катары кармалган балдарга алгач бейбаштык беренеси менен иш козголсо, каза болгон соң кылмыш иши оор беренеге өзгөртүлгөн. Бейбаштык беренеси боюнча 14 бала кармалып, 8 бала үй камагына чыгарылган. Буга чейин 9 жолу сот болуп, учурда 3 бала гана камакта калды. 16-октябрда дагы шектүүлөрдүн бирин эркиндикке чыгаруу каралууда», - деди Одинахон Орипова.

Буга нааразы тарап сот ишти акыйкатсыз карап, балдарды эркиндикке чыгарып жатканын айтышты.

«Биздин талап — кылмышка шектүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу. Үй камагындагы балдар бизнесин жүргүзүп, көчөдө дагы деле урушуп жүрүшөт. 9 жолку соттук отурумда ишти эки башка сот карады. Экөө тең шектүүлөрдү эркиндикке гана чыгарып жатышат», - деди О.Орипова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×