Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуКочкор району 11.10.2018 23:02

Сүрөт — XVII кылымда жашаган Бугу эненин бүгүнкү күнгө жеткен буюмдары

Turmush -  Мындан 450 жыл мурда жашап өткөн тарыхый инсан Орозбакты уулу Арык мырзанын (Болот мырза) буюмдары сакталып келди. Арык мырза иниси Мырзакул мырзанын уулу Алсейит менен Мүйүздүү энени (Бугу энеге) үйлөндүргөн кезде казан, тулга, кылычын бериптир. Арык мырза болжол менен 1567-1572-жылдары төрөлүп, Балтатыр, Жоотатыр деген эки уулду болгон. Балтатыр Эшей, Сарыке (1630-1700-жылдары жашаган), Эгизей, Ондон деген төрт эркек балалуу болгон. Мүйүздүү эне (Бугу эне) Арык мырзадан алган буюмдарды кийин Арык мырзанын небереси Балтатыр уулу Ондонго үй көтөргөн кезде берген деген маалымат бар. Ал эми кылычты Сарыкеге бериптир. Сарыке кичүү баласы Кедейге кылычты берип, азыр Өзүбеков Тургунбек дегендин үйүндө сакталып турат.

Кочкордун Кара-Күңгөй айылындагы Жеңиш Булатова 1960-жылдары Манжылы-Ата мазарына барганда Бугу эненин кырк кулактуу казанын көрүптүр. Казан Манжылы мазарында сакталып турчу экен. Кийин бирөөлөр алып кеткен окшойт.

Арык мырзанын небереси Балтатыр уулу Ондон мындан 350-400 жыл мурда көл калаасында жашаган. Азыр анын тукумдары Ондон уулу аталышып, Көлдүн Ак-Суу, Кара-Кол, Тоңдун Ак-Өлөң, Оттук, Кочкордун Кара-Күңгөй аймактарында басымдуу жашайт. Ондондун 17-кылымда колдонгон казан, тулгаларын урпактары бүгүнкү күнгө чейин сактап жеткиришти. Каракол шаарынын тургуну, эл агартуунун отличниги, Ак-Суу районунун «Ардактуу атуулу» Сапарбек Супатаев Арык Тукуму анын ичинде Ондондун тукумдары жөнүндө көп изилдеп, бир катар маалыматтарды чогулткан.

Кытай Эл Республикасына барып, ал жакта 85 күн жүрүп, кыргыз туугандардын ар биринин үйүндө болгон. Кытайдын Мунгуркүрөө ооданына караштуу Шаты кыргыз айылында меймандап жүргөндө Шаты жайлоосуна караштуу Ындыкөл үңкүрүнөн илгерки казан табылганын угат.

Сапарбек Супатаев казан тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты: «Ондондун ичиндеги Саргалдак уругунун Бекбоо тобунан Сагымбектин эки уулу Төрөгул, Кожогул Кытайга барып тоо ашып жүрүп, оокаттарын үңкүргө салык кылып катып кетишкен. Ал кезде Арыктын Сарыке, Ондон уулдары жайкысын Кытайга чейин барып жайлап, көчүп-конуп жүрүшкөн. Азыркы учурда Төрөгулдун тукумдары Кытайда, Кожогулдуку Ак-Суу районуна караштуу Соколовка айылында жашап турушат.

Ошентип мындан 250-300 жыл мурда Төрөгул, Кожогул эки бир тууганга караштуу катылган казан 1987-жылы табылат. Казандын ээси Төрөгул, Кожогул экени аныкталган соң, Төрөгулдун уулу Курманбайдын Бөлтүрүк деген уулуна берилет. Азыркы күндө казанды Кытайдын Мунгуркүрөө ооданына караштуу Шаты кыргыз айылындагы Бөлтүрүктүн уулу Аман сактап келе жатат».

Бөлтүрүк уулу Аман 2016-жылы саргалдак уруусунун Оттук, Кочкор, Ак-Суу аймактарындагы өкүлдөрүнүн Каракол шаарында өткөн 2- урултайына кызы менен келип катышкан (1-курултай Кочкордо өткөн).

Ал эми тулга тууралуу айтсак, Ондондун буруч уругунан чыккан Бокбай акенин тукуму Алмабеков Кедең Ондон атадан калган тулганы колдонуп келген. Кедең ата 1918-жылы туулган. Ал 1932- жылы кулакка тартылаарда Кытайга качат. Ошондо тулганы канжыгага байланып ала кеткенин көргөндөр айтышчу экен. Кийин 1958-жылы Кытайдан өз элине кайтканда тулганы кошо ала келишет. Учурда тулга Кедең атанын кичүү уулу Курманбайдын үйүндө сакталып турат. Жогорудагы тулга, казан тууралуу дагы бир маалымат бар. Ошентип мүйүздүү энеден калган казан, тулгаларды Ондондун урпактары ушул күнгө чейин сактап келишти. Ондон уруусу «атына заты жарашып» жалгыз жүрбөй топ-топ болуп, он чактысы бир оокат кылышчу тура. Илгери Кудайменде уруусунун жигиттери Ондондун уруусунан бирөөнү кармап алып, «ондон гана жүрөсүңөр ээ, эмне үчүн тогуздан жүрбөйсүңөр» деп ызалап коюшат. Анда Ондондун жигиттери Кудайменде уруусунун жигиттерин колго түшүрүп: «Кудай менде дешип, Кудай сенде бекен? Кана сенде болсо бошотуп алсынчы?» деп шылдыңдашканы тууралуу аңыз бар.

Ондон Тоңдун Төрт-Күлүнө арык чаптырат. Эс алып олтурганда беш бала арыкты бир кыйла жерге жеткизет. Ошондо Ондон: «Булар беш бала эмес эле, беш каман турбайбы?» дептир. Ошол бешөнүн тукуму бешкаман уруусу деп аталат. Мындан 20-30 жыл мурда ошол арыктын нугу бар эле деп айтышчу. Ондон көл башына бийлик кылып турган. Анын Сейитказы, Асан, Итимбоку, Саркалпак деген уулдары болуп , алардан тарагандар Ак-Суу районунун Ак-Булак, Ак-Булуң, Маман, Кочкордун Кара-Күңгөй, Тоңдун Ак-Өлөң, Оттук айылдарында жашашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×