Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.10.2018 12:29

Кызыл-Жылдыз айылындагы 4 көчө 170 миң сомго жарыктандырылды (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы 4 көчөгө башынан аягына чейин түнкү чырактар орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаев билдирди.

Анын айтымында, айылдын К.Акиев, А.Бейшенкулов жана Н.Токталиева көчөлөрүн быйылкы жылы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 100 миң сом чогултуп, жарыктандырып беришкен. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70 миң сом бөлүнүп, айылдын борбордук И.Модубаев көчөсүнө 39 даана түнкү чырак орнотулду.

Муну менен бирге айылда жакында кичи футбол аянтчасы жана машыгуу залы пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×