Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусу, Нарын 11.10.2018 09:48

Нарынга акыркы 5 жылда 35 миллион сом инвестиция тартылган (сүрөт)

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Жарандык коом менен биргеликте өнүгүү долбоорлору кеңири чөйрөдө талкууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага облус жетекчилери, райондук мамадминистрация башчылары, айыл өкмөт жетекчилери катышты.

Акыркы 5 жылда Теңир-Тоо жергесине 35 миллион сомдун тегерегиндеги каражатка инвестиция тартылып, бир катар долбоорлор ишке ашкан. Анын басымдуу көпчүлүгү облустун социалдык-экономикалык жагын өстүрүүгө арналган. Долбоордун жетекчилери аткарылган иштер боюнча билдирүү жасашып, долбоордун таасири, кыйынчылыктар, ийгиликтер тууралуу маалымат беришти.

Долбоор Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Кочкор райондорунда жана Нарын шаарында иштеп, 30га чукул долбоорлор ишке ишкан. Өз кезегинде облус жетекчиси долбоордун өкүлдөрүнө кайрылып, алардын жасаган иштерине терең ыраазычылыгын билдирүү менен бирге мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×