Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 11.10.2018 09:17 На русском

Жаш талант: Тогуз коргоолду 6 жашында өздөштүргөн Жасмин мелдештерде ийгилик жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 14 жаштагы тургуну Жасмин Адил кызы тогуз коргоол боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештерде 1-орунду алып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Жасмин аталган айылдагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинде 8-класста окуп жатат. Ал тогуз коргоолду 6 жашында өз алдынча үйрөнүп, атасынын шакирти болду.

«Атам тогуз коргоолду абдан жакшы ойнойт, ал айылыбыздагы мектепте ийрим ачып, сабак берип келет. 6 жашымда анын окуучуларынын ойноп жатканын көрүп, мен дагы кызыгып, жүрүштөрдү карап отуруп, өз алдымча үйрөнгөм. 1-класска киргенден баштап тогуз коргоолду өздөштүрүп, атамдан билим алып, мелдештерге катыша баштадым. Республикалык сынактан 3-орунга ээ болгом. Азыркы күнгө чейин райондук, облустук деңгээлде өткөн мелдештерде 1-орундарды алып, республикалык мелдештерде 1-2-орундарга ээ болуудамын.

Ошондой эле 2012-жылы Казакстандын Павлодар шаарындагы эл аралык мелдешке жолдомо алып, ал жактан 3-орунга татыдым. Ал эми быйылкы жылы Моңголия өлкөсүнө жолдомо алгам. Ал жакка материалдык жана моралдык жактан даяр болбогонума байланыштуу бара алган жокмун. Учурда райондук, облустук мелдештерге даярдык көрүүдөмүн. Мындан тышкары шахматка кызыгам», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси. Ал келечекте хирург дарыгер болгусу келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×