Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуКочкор району 11.10.2018 09:14 На русском

Кочкор районунда картошканын баасы 6 сомго түшүп кетти, - дыйкандар (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда картошка казуу иштери аяктады.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рахат Исраилов райондун аймагындагы картошка аянттарында болуп, казуу иштери менен жеринен таанышып чыгып, дыйкандардын көйгөйлөрүн угушту. Дыйкандар мал тоодон эрте түшүп, түшүм жыйноого кедергисин тийгизип жатканын айтышты.

Район боюнча 3311 гектар аянтка картошка айдалса, бүгүнкү күндө 31011 тонна картошканын түшүмү жыйналган. Бирок Кочкордо сатып алуучулар аз болуп, картошканын баасы 6-7 сомго түшүп кетти. Ал эми сарымсак да көп өстүрүлгөндүктөн аны дыйкандар 30 сомдон араң өткөрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×