Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуНарын району 10.10.2018 17:45 На русском

Айыл турмушу: 54 жаштагы Мырзабек Өмүрбеков Ак-Кыяга биринчилерден болуп күнөскана курду (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын 54 жаштагы тургуну Мырзабек Өмүрбеков айылга биринчилерден болуп күнөскана курду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

М.Өмүрбеков СССР учурунда айыл чарба тармагында эсепчи болуп эмгектенип, союз тарагандан кийин көп жыл бою курулушта иштеген. Ал Казакстан, Россияга чейин барып иштеп келген. Жашы өтүп бара жаткандыктан кайра айылга келип, чарбачылык менен алектенүүдө.

«Күнөскана салууга айылдагы бекерчилик себеп болду. Өзүбүздүн тиричилигибизден сырткары жумуш жок. Курулуш тармагында иштегенди таштагандан кийин бекер жаткандан көрө киреше булагы болсун деп күнөскана курдум. Быйыл жазында күнөскана курганга чейин тооккана салууну ойлонуштургам. Бирок тооккана курганда деле жакшы киреше боло тургандыгына көзүм жетпей, күнөскана курууну чечтим. Алгач ар кимден күнөскана тууралуу сураштырып, интернеттен да Сибирде колдонулган күнөсканаларды көрүп чыктым. Күнөскана курган адамдардан сурасам толук маалымат беришкен жок. Өзүм интернеттен көрүп курууга туура келди. Аны 1,5 айда куруп, 200 миң сом жумшадым. Алгач өзүм топтогон 100 миң сомду сарптап, кошумча 100 миң сом насыя алып, толук бүтүрдүм. Анын курулушу ушул жылдын сентябрь айында бүтүп, алгач бадыраң айдадым. Ал 15-20 күндө бышып калат. Буюрса башка жер-жемиштерди дагы өсүрүп, байкап көрүүнү ойлонуп жатам», - деди ал.

Анын айтымында, күнөскана курууда курулуштагы тажрыйбасы жардам берип, курулуш иштерин баштан аяк өзү жалгыз бүтүргөн.

«Күнөскана негизинен жыгачтан тургузулуп, атайын жылытуу системасын койдум. Тамчылатып сугаруу үчүн 400 литрлик челек коюлду. Жалпысынан 92 чарчы метр аянтты ээлейт. Биздин айылда күнөскана биринчи жолу курулгандыктан алгач айылдаштар "күнөскана болбогон нерсе, андан көрө малды көбөйтүп бак" дешти. Азыр менден көрүп, күнөскана курууга жардам сурап жатышат. Киреше түшсө, чоң күнөскана курууну ойлонуп жатам. Мындан тышкары канаттууларды багуу планым да бар», - деди М.Өмүрбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×