Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Нарын облусуНарын району 10.10.2018 17:23 На русском

Малдын карасан оорусу катталган Таш-Башат айылына чектөө киргизилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Орток айыл аймагынын Таш-Башат айылында чыккан карасан оорусуна карата айылга чектөө киргизилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын райондук башкармалыгынын башчысы Тазабек Мамыров билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 4-октябрында айылдагы ветеринарлар тарабынан Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясына Б.И.ге тиешелүү өлгөн торпок жөнөтүлгөн. Торпок өлгөн жер хлордуу акиташтын эритмеси менен дезинфекцияланган. Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын 9-октябрда чыккан экспертизасынын жыйынтыгы менен карасан ылаңы аныкталган. Мындан улам, 10-октябрда Орток айыл аймагынын башчысына карасан ылаңын жок кылуу боюнча ветеринардык-санитардык иш-чараларды аткаруу сунушу берилди.

Ошондой эле Таш-Башат айылында ири мүйүздүү малдын карасан ылаңына карата ветеринардык-санитардык эреженин негизинде чектөө коюлуп, ветеринардык-санитардык иш-чараларды аткаруу талап кылынды.

Буга чейин Нарын районуна караштуу Орток айыл аймагынын Таш-Башат айылында карасан менен ооруп өлгөн малдар талаада көмүлбөй жаткандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×