Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.10.2018 16:59

Жумгалдагы китепканачылар райондук китепканага чукул салынган курулуштун мыйзамдуулугун аныктоону өтүнүшүүдө (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук китепканасынын кызматкерлери жергиликтүү бийликтен аталган имаратка чукул курулуш жүргүзгөн соодагердин ишин кароону өтүнүшүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Китепкананын директору Назира Сагыналиеванын айтымында, бул курулуш китепкананын имаратынын түштүк батыш тарабындагы дубалын жаап салган. Китепкананын ал капталында мурда терезе болгон, бирок кийин шамал батыш тараптан келген соң ал терезени жаап салышкан.

«Мен бул курулуш жаңы башталып, пайдубалы салынганда эле эскертүү берип айткам. Бирок ал дүкөндүн ээси билген жериме барышымды, колунда уруксат документи бар экенин айтып, орой мамиле көрсөттү. Мен райондук маданият бөлүмүнүн башчысына жана айыл өкмөткө маалымат бергем, бирок курулуш башталмак турсун бүтүп калды. Алар 5 жыл мурда эле уруксат кагазын алып коюшканын айтышууда. Бирок канчалык мыйзамдуу экенин укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик талдап, баа беришсе дейм.

Мындай мыйзамсыз ишке кимдер уруксат берген? План боюнча ал жерде жол бар. Биздин имараттын дубалына жармаштырбай, жок дегенде 1 метр алыстыкта болушу шарт эле. Биз мамлекеттик мекемебиз», - деди Н.Сагыналиева.

Ал эми соодагер Нурбек Насыров бул жерге курулуш курууга уруксат кагазын 5 жыл мурун эле алганын айтты.

«Бизге дүкөнүмдүн алдынан 3 метр жер чечилген. Атабыз мыйзамды сыйлаган адам. Ал убагында тиешелүү документтерди алып койгон. Айыл өкмөттөн, архитектурадан уруксат документтерибиз бар», - деди соодагер Н.Насиров.

Чаек айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Айгүл Токтоналиева райондун борборундагы муниципалдык менчикте турган жерлер, аялдама жана кызыл сызык менен арыктын үстүлөрү, жол жээктери менчикке берилбеши керектигин айтты. Ошондой эле, аталган жердин документтерин тактагандан кийин маалымат берерин кошумчалады. Ал эми Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Эльмира Ашырбаева Чаек айылында мыйзамсыз курулуштар көп экендигин жана алардын көбү уруксат алышпагандыгын айтып, жогорудагы маселени тактай тургандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×