Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 11.10.2018 22:03

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк А.Токторбаева өзгөчө кыям жасап, чет өлкөлүктөргө сатат (сүрөт)

Turmush -  Тоң районунун Ак-Сай айылынын 63 жаштагы тургуну Айнагүл Токторбаева өзгөчө кыямдарды жасап, чет элдик туристтерге сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кыям жасоо менен 2010-жылдан бери алектенип келет. Ал жасаган кыямдар ден соолукка абдан пайдалуу экенин айтат.

«Чычырканак, бөрү карагат, алма менен апельсинден жасалган кыямдар бар. Алгач идея пайда болуп, жасап көрсөм өзгөчө болду. Ошондон бери токтотпой кыям жасап келем. Себеби медициналык китептерди көп окуп, керектүү маалыматтарды алгам. Жогорудагы жемиштердин организмге көп пайдасы бар экенин билгенден кийин жасап баштагам. Бул продукциялар менен ар кандай фестивалдарга, жармаңкелерге катышып турам. Чычырканак кыямынын бир банкасы 450 сом, бөрү карагаттыкы 450 сом, алма менен апельсинден жасалган кыям 200 сомго бааланат», - деди ал.

Айнагүл Токторбаева жасаган кыямдарды көбүнчө чет өлкөлөрдөн келген туристтер баалап сатып алышат.

«Америка, Голландия, Франция, Германия жана башка көптөгөн мамлекеттерден келген туристтер бул кыямдар пайдалуу экенин билишет. Продукция табигый касиетин жоготпогону менен өзгөчөлөнөт. Баарыбыз эле жемиштердин өзүн кайнаткандан кийин банкага куябыз. Бул учурда көптөгөн витаминдер жок болуп кетет. Мен витаминдер көбүрөөк болсун деп жемиштерди кайнатпайт эле идишке куюп, банка менен чогуу кайнатам. Ошондо анын табигый касиети сакталып калат. Айыл жергесинде чакан ишканалар болсо бизге окшогон ишкерлерге шарт түзлүп, кыямдын көп түрүн жасоого мүмкүнчүлүк алмакпыз», - деди ал.

Ал 2 кыз жана 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×