Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.11.2018 22:30 На русском

«Жеңеке»: Студенттер күнүндө бактысын тапкан Айдай жеңенин келиндик доордогу кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 29 жаштагы Айдай Кубанычбекова. Ал келиндик доордогу кызыктуу окуялары тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

А.Кубанычбекова Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургуну. Ал Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана кыргыз таануу факультетин аяктаган. Учурда А.Чортеков атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштейт.

«Жолдошум Тойчубек Кенжебаев Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын тургуну. Учурда дыйкан чарбанын мүчөсү жана автоэлектрик болуп эмгектенет. Биз 2009-жылы 8-ноябрда баш кошконбуз, мен анда 20 жашта элем. Жолдошум мени университеттен Студенттер күнүндө көрүп, жактырып калыптыр. Ошентип экөөбүз жакындан таанышып, көп өтпөй эле үйлөнүп алдык», - деди ал.

Айдай жеңе жаңы келин болгондо кызыктуу окуяларга көп кабылган.

«Жаңы төрөп, баламды бешикте терметип отургам. Эшиктин ачылганы угулганда жолдошум экен деп каалганын артына жашынып калгам. Көрсө ал кайнатам экен. Балам ыйлап, кайнатам баланы отуруп алып терметип жатат же балам уктабайт. Каалганын артында дем ала абай же чыга калгандын ыгы жок, эмне кыларымды билбей турдум. Бир маалда кошуна келип, сырткы эшикти каккылап калды. Кайнатам сыртка кеткенден кийин каалганын артынан чыгып, бала терметип отуруп калдым. Үйдө бир да киши жок эле. Кайнатам сырттан тез эле кирип, мени көрүп таң калды. Кызарып, абдан жаман болгом. Андан кийин бул окуяны эстеп алып күлгөм.

Бир күнү кайын атам көз айнегин алып берип коюуну суранды. Жаңы эле келин болуп келгем, жай айы болчу. Кайненем да ошол мезгилде шаарга кеткен эле. Кайнатам ат менен эшиктин алдында турат, мен көз айнегин таппай убара болгом. Эмне кыларымды билбей, ата сиздикин таппай койдум, бирок ушул бар экен деп күндөн калкалоочу көз айнегимди берип койдум. Атам ошентип аялдардын көз айнегин тагынып алып талаага кеткен. Андан кийин ал көз айнек ыңгайлуу экенин айтып, өзүнө алган. Кайненем келгенде атамдын көз айнегин сурасам, бир илгичи зымдан жасалган илгерки көз айнек экен», - деди ал.

Айдай жеңе: «Жолдошум мага караганда уул-кызына абдан мээримдүү, камкор. Кызыбыз Акмаралды абдан жакшы көрөт, эркелетип оюу менен болгонго аракет кылат. Кыз конок экенин айтып, сый-урматын азыртадан эле көрсөтүп турат. Уулдарына абдан көңүл бурат. 9 жылдан бери менин сөздөрүмдү эки кыла элек, үй жумуштарынын бардыгына кол кабыш кылат. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алат. Менин жана балдарымдын ден соолугу үчүн кам көрөт. Анын ак көңүлдүүлүгүнө, элпектигине, боорукердигине, кайрымдуулугуна жана күйүмдүүлүгүнө баа берем.

Өзүм бош убакта шырдак шырыйм, кол өнөрчүлүк менен алектенген жагат. Учурда мугалим болуп эмгектенем, келечек муундарга татыктуу билим, тарбия берүүнү максат кылам», - деди.

Ал 2 уул жана 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×