Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Нарын облусу, Нарын 10.10.2018 10:36

Бала тили — бал: Милиса болуп, ууруларды кармайм, - 5 жаштагы Адеми (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 5 жаштагы Адеми Шайымбетова.

- Атың ким?

- Адеми.

- Канчадасың?

- Бештемин.

- Бала бакчага барган жагабы?

- Оба, уктап, чай ичкени жагат.

- Чоңойгондо бала бакчада иштегиң келеби?

- Жок. Мен чоңойгондо Россияга кетким келет. Россияны жакшы көрөм мен.

- Россияда кимдер бар?

- Ал жактан эс алып келишет.

- Президенттер эмне кылышат?

- Презденттин жанынан солдат менен Силима иштейт.

- Кыргызстан деген эмне?

- Ал орусча. Ал жакка барсаң жыргал.

- Сен Кыргызстанга бардың беле?

- Барган эмесмин (башын чайкап). Бирок кооз ал жер.

- Кайдан көрдүң эле?

- Телезордон.

- Сен каякта жашайсың?

- Ак-Коргондо.

- Нарын деген эмне?

- Нарын деген... Ал жерде чоң апам жашайт. Мен ал жакта жашабайм.

- Апаң менен атаң урушабы?

- Оба (башын ийкеп).

- Эмнеге урушат?

- Мен чай куялам.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Милиса болуп, ууруларды кармайм. Акча урдаган.

- Мугалимдер эмне кылышат?

- Савак окутат.

- Чачтарачтарчы?

- Чачты жазышат.

- Жактоочулар эмне кылышат?

- Билбейм.

- Ким кыйын? Мугалимдерби? Дарыгерлерби? Ашпозчуларбы же ырчыларбы?

- Мугалимдер кыйын да.

- Эмнеге?

- Алар болсо акчаларды толтуратда. Мамалары берет акчаны.

- Сен дагы мугалим бол да.

- Ммм... (башын ийкеп).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×