Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 10.10.2018 10:20

Жаш талант: Комузчу Айсалкын Ч.Айтматовдун каармандарына айланып, сынактарда ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Айсалкын Уланбекова мектептен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын ролун жаратат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 7 жашынан бери көркөм окуп, тамсилдерди айтып сынактан алдыңкы орундарды алып келет.

«Мен мектепке кире элек кезимде эле Ч.Айтматовдун чыгармаларына кызыкчумун. 1-класска киргенден тарта көркөм окуп, тамсилдерди айта баштадым. Мектеп арасындагы кароо-сынактардан алдыңкы орундарды алып келем. Ошондой эле 7 жашымдан баштап жомокторду, жогоруда аталган жазуучунун чыгармаларын сахналаштырып, "Бугу эне" чыгармасындагы жезкемпирдин жана башка каармандардын ролун жаратуудамын.

Ал эми комуз чертүүгө музыка сабагынан берген Авазбек агай түрткү болду. Ал мага "комузду жакшы чертип кете аласың, шыгың бар" дегенинен атама комуз алдырып, 9 жашымдан комузда кол ойното баштагам. Күүлөрдү үйрөнгөндөн кийин былтыркы жана быйылкы жылы айылыбызга Индиядан, Америкадан келген меймандарга топ менен комуз чертип бергенбиз. Келечекте Аида Саляновадай ачык сүйлөгөн күчтүү юрист болгум келет. Ал үчүн жакшы окуп, кыялыма жетүүгө план коё баштадым», - деди ал.

Айсалкын үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×