Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 09.10.2018 23:00

Бала тили — бал: Чоңойгондо ГАИ болом, алар машиналайды тосуп байышат, - 5 жаштагы Бошубек (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 5 жаштагы Бошубек Турат уулу.

- Атың ким, кимдин баласы болосуң?

- Туйаттын баласымын. Атым Бошубек баатый.

- Атыңды ким койду эле?

- Мамамдын экинчи атасы байго ошол койгон, күчтүү болсун деп. Ал баатый күчтүү болчуда, тийишкендейди көтөйүп чапчу, анан дагы тийишкен эки баланы анан дагы көөптөйдү сабап салыптыл.

- Чоңойгондо ким болгуң келет?

- Ммм... Мен чонойгондочу, акчасы көп, бай ГАИ болом.

- Эмнеге ГАИ болгуң келет, анан кантип байыйсың?

- Жолдон папамдын машинасын ГАИлей тосуп көп акча алат. Машиналайды тосуп, байышат, анан чоң үй алат, дейский машина алышат. Мен дагы ГАИде иштеп, машина тосуп, көп акча чогултам, анан бай болом.

- Канча бир туугансың, бөбөктөрүң, байке-эжелериң барбы?

- Бөбөгүм бал. Аны ойнотом үйүнө байганда. Баатыйлал (баатыр) деген бөбөкөлүн дагы көтөйүп багат. Мамам ошентип айткан. Бил байкем бал, алыс жакта да. Мага айткан ал дагы мектептен баатый болуптул.

- «Манас» эпосунан үзүндү айтканды билесиңби? Билсең айтып берчи.

- Манас баатыйды билем. Мен үйкум келип жаттагагамда. Азыл унутуп калдым. Папам билет, анан кечинде байганда уктабай жаттайм.

- Кийинкиде сураганда айтып бересиң ээ, макулбу?

- ооба, калпак кийип келемда анда.

- Кыргызстан деген эмне?

- Кылгызстан деген жей. Анда кылгыздай жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×