Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуКочкор району 09.10.2018 16:49

Кочкордо соодагерлерди тартипке чакырган айыл өкмөт башчысынын үстүнөн арыз түшкөн (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун борборундагы автобекеттин каршысындагы аялдамада соодагерлер «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго токтотуп алып, жашылча-жемиштерин сатууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун тургундары билдирип, нааразы болушту.

«Ушул жол менен жөө, кээде унаа менен өтөм. Качан болбосун жашылча саткан соодагер унаасын аталган жолго токтотуп, жөө баскандарга тоскоолдук жаратат. Бул маселени жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алса жакшы болоор эле», - деди айылдын тургуну Талипбек карыя.

Ал эми Кочкор айыл аймагынын башчысы Рахатбек Абакиров аталган маселе боюнча буларга токтолду.

«Учурда ар кайсы жерге туруп, соода кылган соодагерлерди тыя албай жатабыз. Аялдамага унаасын токтотуп, соода кылып жаткандарга эки жолу айып салынган жана атайын комиссия тарабынан эскертилген. Дем алыш күндөрү эле унаа менен чыгып соода кылып жатышат.

Мындан сырткары, жолдун жээгиндеги сатуучуларды да тартипке келтирип жатабыз. Буга чейин соодагерлер менен жолугуп, "тартипке келели, жол жээгине чыкпайлы" деп жыйналыш кылгам. Тилекке каршы менин үстүмдөн прокуратурага арыз жазып, тартипке келтирүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат», - дейт айыл өкмөт башчысы Рахатбек Абакиров.

Ал жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдогу «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы алынарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×