Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуНарын району 09.10.2018 16:36

Нарындын Орто-Саз айылында беккари чуңкуру курулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылында 246 миң сомго беккари чуңкуру курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Нарынбеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аталган айылда биотермикалык чуңкур болгон эмес. Чуңкурду курууну жергиликтүү тургундар демилгелеген.

«Биотермикалык чуңкур алгачкылардан болуп Орто-Саз айылына салынды. Ал ылаңдуу, жугуштуу оорусу бар малдардын өлүктөрүн жок кылуучу чуңкур болуп эсептелинет. Жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнүп, ал эми 96 миң 200 сом БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында берилди. Курулуш иштерин жергиликтүү тургундар ашар жолу менен бүтүрүштү. Биотермикалык чуңкур бардык санитардык, экологиялык талаптарга жооп берип, айылдын чет жагына курулду», - деди А.Нарынбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×