Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуНарын району 09.10.2018 16:09

Нарын районунда 468 миң сомго күпкө курулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагына малды киринтүүчү 468 миң сомдук күпкө салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Нарынбеков билдирди.

«Күпкөнү курууга жергиликтүү бюджеттен 307 миң 610 сом акча каражаты сарпталды. Ошондой эле, БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында 160 миң 500 сом бөлүнүп берилди. Жалпысынан 468 миң 110 сомго салынды. Курулуш иштери жергиликтүү айыл тургундары тарабынан ашар жолу менен бүткөрүлдү. Бул күпкө Чет-Нура айыл аймагындагы эки айылдын, тагыраагы Чет-Нура жана Орто- Нура айылдарынын малдарын салуу үчүн эки айылдын ортосуна курулду», - деди А.Нарынбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×