Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 09.10.2018 15:57

Жумгалда энелер мектеби уюштурулууда (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунда энелер мектебинин ишин жайылтуу боюнча жыйын өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жыйынга мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары, ата-энелер комитеттери чакырылып, райондо энелер мектебин уюштуруп, балдарды тарбиялоодо, алардын келечегине кам көрүүгө багытталган программа иштелип чыкты.

Энелер мектеби алгач райондун Баш-Кууганды айыл өкмөтүндөгү Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинде уюштурулмай болду. Бул демилгени райондук билим берүү бөлүмү менен мектеп директорлору колдошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×