Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусу, Нарын 09.10.2018 13:40 На русском

Ташка бастырылып өлтүрүлгөн «Барби», 7 күндөй талаада жаткан өлүк. Полковник Д.Рыскуловдун тажрыйбасы (сүрөт)

Turmush -  Ушул жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМнин кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Бул даталуу күнгө карата аймактык кабарчы Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Данияр Рыскулов менен маектешти.

Данияр Рыскулов 1978-жылы 16-февралда Бишкек шаарында төрөлгөн. Жайыл районунун Сосновка айылындагы орто мектепте билим алып, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясында билим алып баштап, аны артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Андан кийин 2000-2001-жылдары Октябрь РИИБдин тергөөчүсү болуп иштеген. Кийин ИИМдин Уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгында эмгектенип, 2002-жылы оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам кызматкер болуп дайындалган. 2010-жылы Уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Бишкек шаарындагы кылмыштуулук жана каракчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан кийин Ленин РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, Панфилов РИИБдин башчысы, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген.

«Алгач окууну бүтүп, жаш кызматкер болуп иштеп баштаганда улуу агаларым өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мага көп ыкмаларды үйрөтүштү. Оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачууда күн-түн дебей иштеп жүрдүк. Айрым учурда убактыбыздын көбү жумушка кетип, үйгө бир-эки саатка кийим алмаштырууга келчүбүз. Кээде бир-эки күн үйгө келбей калган учурларыбыз болду.

2003-жылы Свердлов районунда оор кымыштын бетин ачтык. “Барби” деген селсаяк аялдын башын таш менен бастырып өлтүрүп кетишиптир. Бул окуя мындай болгон экен. Аталган аял үй-жайсыз жүргөн эркек кишилер менен бирге спирт ичимдигин ичет. Ортодон бул эркек кишилер “Барбини” зордуктоого аракет кылып, ур-токмокко алып башташат. “Барби” чала жан болуп калганда башына ташты бастырып салышат.

Мындан сырткары, 2006-жылы бир эркек кишини өлтүрүп, мүрзөлөрдүн арасына таштап кетишиптир. Маркумдун жансыз денеси бир жумадан ашык жатып калган экен. Анын өздүгүн тактагандан кийин ал иштеген Бишкек шаарындагы чоң ресторанга барганбыз. Ал жерде окуя мындай болгон экен. Аталган киши кожоюндары менен бирге ичип отуруп, ортодон чыр чыккан. Ошондо ресторандын кожоюнунун иниси жана 3 кызматкер арматура менен чала жан кылып ур-токмокко алып, унаанын багажына салып алып кетишиптир. Эң кызыгы ошол жерде иштеген башка жумушчулар ортого түшүп же милиция кызматкерлерине кабарлабай карап гана турушкан. Эч ким эч нерсе айта алышкан эмес», - деди ал.

Данияр Рыскулов Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары болуп келгенден баштап облустун аймагында бир катар кылмыш иштеринин бети ачылгандыгы тууралуу дагы айтып өттү.

«Нарын облусунун Жумгал районунда көмүр уурдаган эки адамды колго түшүрдүк. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары милициянын каттоосуна алынган. Шектүүлөр көмүр кесиминин өтмө пункттарынан бир дагы документи жок өтүп кетишкен экен. Аларды Токмок шаарынан кармап, кайра Нарынга алып келдик. Бүгүнкү күндө экөөнүн (уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү) келтирген чыгымдарын калыбына келтирүү боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары жакында эле унаа уурдаган өспүрүмдөрдү колго түшүрдүк», - деди ал.

Данияр Рыскулов үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×