Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуКочкор району 09.10.2018 12:04

Кочкордо филология илимдеринин доктору Т.Токоевдин эстелигин орнотуу сунушталууда

Turmush -  Кочкордогу тарыхый инсандардын айкелинин катарына белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору Токоев Таалайбек Токтосуновичтин айкелин орнотуу сунушталууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жаңы-Жол айылынын тургуну Жеңиш Осмоналиев маалымдады.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жамааты тарабынан Кочкор районунун акиминин жана Кочкор айылдык кеңешинин наамына белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Токоев Таалайбек Токтосуновичтин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Кочкор районундагы сейил гүлбакчасындагы тарыхый инсандардын айкелинин арасына эстелик бюстун орнотуу боюнча кайрылуу жолдогон.

102_0234

Токоев Таалайбек Токтосунович 1956-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда Жаңы-Жол айылында туулган. 1974-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.

1979-80-жылдары Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде адабий кызматкер, 1980-1989-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын тил жана адабияты институтунун кыргыз тили секторунда кенже илимий кызматкер, 1989-1994-жылдары КМУда окутуучу, ага окутуучу. 1994-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигиндеги Бишкек жогорку мектебинин тил даярдыгы кафедрасынын доценти, 1998-2000-жылдары КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили илиминин кафедрасынын доценти, профессору, докторанты болгон. Филология илимдеринин доктору, профессор (2007). М.Кашгари атындагы Чыгыш Кувейт университетинин профессору (2007).

Үч миңдей кыргыз тили менен адабиятына, тил илимине, орус жана дүйнө тилдерине байланыштуу эмгектер бар. Негизги эмгектери: «Экспрессивдик конструкцияларды бири-биринен айырмалоо», «Тил жана сүйлөшүү проблемасы», «Сүйлөшүүдөгү сегментация кубулушу жана атама фразалар», «Позициялык-лексикалык кайталоонун синтаксистик-стилистикалык өзгөчөлүктөрү», «Апозиопезис (Кесинди конструкциялар)», «Кыргыз тилиндеги парцелляция кубулушу», «Кыргыз тилиндеги синтаксистик конструкциялар». Дагы элүүдөй макала түрүндөгү эмгеги жарык көргөн. Алар азыр кыргыз тилинин грамматикасына (айрыкча синтаксисине, кыргыз жазуусунун тарыхына) арналган.

Токоевдин жетекчилиги астында 7 кандидаттык диссертация корголгон. Ал КРдин Билим берүү министрлигинин, КУУнун, ИИМдин БЖОЖнын, Кувейт университетинин ардак грамоталары, КРдин «Элге билим берүүнүн отличниги» (2005) төш белгиси менен сыйланган.

2017-жылдын 30-сентябрь күнү 61 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×