Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.10.2018 10:16

Ат-Башыда милициянын көчмө кабылдамасына эки айда 24 кайрылуу түштү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда милициянын көчмө кабылдамасына 2 айдын ичинде 24 кайрылуу түштү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук ички ишетер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын аймактык ыйгарым өкүлү Азамат Садыков билдирди.

Анын айтымында, адистер келип түшкөн кайрылууларды тийиштүү бөлүмдөргө жеткирип, кайра жооп алып беришти.

«13-августтан бери 24 кайрылуу келип түштү. Айыл эли менен жолугушууларда көбүнчө көчөдөгү жарык күйбөй калганы, жолдун начар абалы сыяктуу маселелер айтылды. Мындай иш-чарага Ат-Башы РИИБ менен бирдикте милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, мындан сырткары социалдык кызматкерлер, аксакалдар соттору, юристтер, кичи коомдук кеңештин төрагасы жана анын мүчөлөрү катышып, Ат-Башыдагы 11 айыл өкмөттү кыдырып чыгышты», - деди ал.

Буга чейин 13-августта Ат-Башы районунун ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдамасы үчүн автоунаа тапшырылып, ишке берилгени маалымдалган.

Унаа Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан 33 миң еврого сатылып алынган.

ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыров: «Унаага атайын GPS навигатор орнотулган. Кызматкерлер онлайн иш алып барышат. Унаа кайда бара жатканын көзөмөлгө алып турууга болот. Элде ар кандай көйгөй бар. Балким кимге кайрыларын билбей же ар кандай тоскоолдуктар менен маселелери чечилбей келет. Бул кызмат чоң жардам көрсөтө алат. Анткени милициянын көчмө кызматы менен бирге билим берүү, социалдык колдоо бөлүмүнүн, оорукананын кызматкерлери, жергиликтүү кеңешменин мүчөсү жана айыл өкмөт иш алып барып, элдин көйгөйүн, арыз-даттанууларын жеринен чечилүүсүнө көмөк көрсөтөт», - деген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×