Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 09.10.2018 09:33

Нарындагы 41 айыл өкмөттүн ар бирине боз үй берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусундагы жайыт комитеттерин колдоо максатында «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында 41 айыл өкмөтүнүн ар бирине боз үй берилди. Бул тууралуу АРИСтин облустагы координатору Мырзабай уулу Манас билдирди.

Анын айтымында, мындан сырткары малдын ден соолугун коргоого арналган ветеринарлар үчүн китепчелер таратылды. Буга чейин 18 айыл өкмөтүнө жана Нарын районундагы Жерге-Тал, Сары-Ой, Казан-Куйган, Чет-Нура айыл өкмөттөрүнө мотоциклдер берилген. 6 айыл өкмөтү ноутбук, компьютер жана фотоаппараттар менен камсыз болгон. Эми жыл аягына чейин бардык 63 айыл өкмөттөр бир миң доллар өлчөмүндөгү товар түрүндөгү пакеттер менен толук камсыз болот.

Жайыт комитеттерин колдоо максатында жалпы 41 миң долларлык жабдыктар берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×