Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 08.10.2018 17:39

Чаек—Бишкек каттамындагы түнкү автобустун жол кире акысы 50 сомго кымбаттады, - айыл аксакалы

Turmush -  Жумгал районунда Чаек—Бишкек каттамындагы көп орундуу түнкү автобустун жол кире акысы 50 сомго кымбаттады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл аксакалы Дамир Аттокуров билдирди.

Аксакалдын айтымында, учурда Бишкектен Чаекке каттаган түнкү автобустун жол кире акысы 250 сом болсо, Чаектен Бишкекке чейин 300 сом болуп 50 сомго кымбаттаган.

«Пенсионерлерди урматтайбыз, карыларды сыйлайбыз деп, бизди Карыялар күнүндө гана эстешет. Пенсияга 100 сомдон 500 сомго чейин кошушат, анысына ыраазыбыз. Бирок ошол эле жол кире, азык-түлүк жана дары-дармекти кымбаттатып жаткандарына жол болсун. Чаек—Бишкек каттамындагы көп орундуу түнкү автобустун жол кире акысы 50 сомго кымбаттады. Мунун себебин билбейм», - деди ал.

Чаек автокассасы бул бааны өкмөт бекитип бергендигин, эми Бишкектен Чаекке да жол акы көтөрүлөрүн билдирди. Ал эми кичи автобустар жол киреге 300 сомдон алса, таксисттер 400-500 сомдон жол акы алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×