Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.10.2018 15:18

Ак-Талаанын Жаңы-Тилек айылындагы мектептин отказаны 250 000 сомго жаңыртылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы орто мектептин отказаны жаңыртылды. Бул тууралуу мектеп директору Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинин отказаны эски болгондуктан мектепти жылытууда көйгөй жаратып келген. Мындан улам айыл өкмөттүн бюджетинен 250 миң сом каражат бөлүнүп, 210 миң сомго меш, калган 40 миң сомуна мотор жана насос алынган. Отказанды орнотуу үчүн тендер жарыяланып, утуп алган фирма тарабынан орнотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×