Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 08.10.2018 12:31

Нарындын Ак-Кыя айылында 2,8 млн сомго кичи футболдук аянтча курулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында 2 млн сомдук каражатка кичи футболдук аянтча курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Кыя айылында курулган кичи футболдук аянтчанын ачылыш аземине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Футболдук аянтча айылдагы орто мектептин карамагында курулду.

«Буга чейин айылдын ичинде же биздин мектепте спорттук имараттын жоктугунан улам окуучулар кышкы жана жазгы убактарда абдан кыйналышчу. Мындан тышкары жаштарыбызды спортко тартуу кыйын болчу. Буюрса бул кичи футболдук аянтчанын аркасы менен мындан көп спорттук имараттар курулуп, биздин айылдан көптөгөн атактуу спортчулар чыгарына ишенем», - деди мектептин директору Каныбек Бейшеев.

Кичи футболдук аянтчаны курууга республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттан 1 млн 750 миң 711 сом бөлүнсө, ал эми жергиликтүү бюджеттен 327 миң сом бөлүнүп, жалпысынан 2 млн 77 миң 711 сомго бүткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×