Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.10.2018 12:04

Ат-Башыдагы карыларга акчалай жардам көрсөтүлүп, сыйлыктар тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда да Карылар күнү белгиленип, майрамга карата иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева билдирди.

Анын айтымында, район ичиндеги карыяларга мекемелердин атынан акчалай жана азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле мектеп окуучулары тарабынан адабий кече уюштурулду.

«Улгайган адамдардын 1 айлыгы Ат-Башы районунда да жарыяланып, анын алкагында иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Социалдык колдоого муктаж 40 карыяга мекемелер тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебиндеги адабий кечеге эмгектин, ооруктун ардагерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, куралдуу күчтөрдүн катырында иштегендер, социалисттик эмгектин баатырлары, мурдагы партиялык кызматтарда эмгектенгендер чакырылды. Анда Т.Асеков атындагы орто мектебинин окуучулары "Карысы бардын ырысы бар" аттуу адабий-музыкалык кече тартуулашты. Иш-чаранын соңунда сый тамак уюштурулду.

Мындан сырткары 5 адамга ардак грамота, Республикалык ардактуу аксакалдар жана айымдар коомунун сыйлыктары тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×