Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 08.10.2018 11:55

Нарындын Орто-Нура айылында 613 миң сомго ветеринардык клиника курулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылында 613 миң сомго ветеринардык клиника курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Орто-Нура айылында курулган ветеринардык клиниканын ачылыш аземине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жана жергиликтүү тургундар катышышты. Ветеринардык клиника долбоор аркылуу АРИС тарабынан колдоого алынган. Аны курууга АРИСтен 453 миң 501 сом бөлүнсө, ал эми жергиликтүү бюджет тарабынан 159 миң 579 сом бөлүнүп, жалпысынан 613 миң 80 сомдук каражатка бүткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×