Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.10.2018 11:12

Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылына түнкү чырактар коюлууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын көчөлөрүнө түнкү чырактар орнотулууда. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Шайлообек Аппасияев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгынын урматына жаштардын демилгеси менен айылдын бардык көчөлөрүнө түнкү чырактарды орнотуу пландалган. Анын негизинде демөөрчүлөр каражат топтоп беришсе, айылда жашаган ар бир түтүн да каражат чогултуп жатат. Учурда 20дан ашык түнкү чырактар орнотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×