Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 08.10.2018 09:36 На русском

Жеңеке: Баиза жеңе жолдошунун чын атын үйлөнгөндөн кийин 1 айдан соң гана билген (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 29 жаштагы Рысбаева Баиза жеңе жолдошунун чын атын үйлөнгөндөн кийин 20 күндөн соң гана билген. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бишкектеги И.Арабаев атындагы университеттин лингвистика факультетин аяктаган.

«2-курста окуп жүргөн кезде турмушка чыккам. Жолдошум Куланбек Султантөрөев 1983-жылы Баетов айылында төрөлгөн. Өзү спортчу. Волейбол оюнун жакшы ойноп, көптөгөн диплом, грамоталары бар. Ар кандай турнирлерге катышып турат. Андан тышкары Ак-Талаа райондук мергенчилер союзунун мүчөсү. Курулуш жаатында да эмгектенет. Мен айылдагы бала бакчада тарбиячы болуп иштейм. Жолдошум аябай адамгерчиликтүү адам.

Мен студент кезимде башка кыздардан кем кылбай, алар барган жакка алып барып жүрдү. Келгенден кийин айылдын жашоосуна бат эле көндүм. Себеби ата-энем тоого малга чыккандыктан баарын жасап, чыйрак кыз болуп өскөм. Тезек терчүмүн, уй саачумун. Уй, кой, торпокторду кайтарышчумун. Апама саймасына, түймөсүнө, курагына, кийизине жардам берчүмүн. Мени тоодо Байысбүбү деген апа төрөтүптүр. Апам кийин атымды ошол киндик энемдин атына окшоштуруп, Баиза деп өзгөртүп коюптур», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жаңы келин болгондогу кызыктуу окуяларды эскерди.

«Турмушка чыкканда кызыктуу окуялар көп эле болду. Жолдошум экөөбүз шаарда жашадык. Ал иштейт, мен студент. Жолдошумду баары Куку деп эле аташчу. Мен да Куку деп жүргөм. Бир күнү тайпалаштарым «Кукунун чын аты ким?» десе эле билбей туруп калдым. «Курманбек же Кубаныч болуш керек» десем баары каткырышты. Мен үйгө барганда чын атын сурадым. Ошондо 15-20 күндөй чын атын билбей жашаптырмын. Ал атын айтканда таң калдым. Жолдошум улуу болгондуктан көпкө чейин сиз деп жүрдүм. Кыздарыбызды төрөгөндөн кийин гана сен деп калдым. Көнүп калдым окшойт.

Кайын энем азыр биздин колдо. Башка балдарына каттап, айылчылап турат. Кайын энем аябай жакшы, жоош, балпайган байбиче. Учурда 76 жашта. Өзүм бош убактымда сүрөт тартам, түймө түйөм, курак курайм, китеп окуйм. Келечекте иштеген жеримди алдыңкы бала бакча кылсам дейм. Кыздарымды жогорку билимдүү кылсам, жакшынакай турмушка узатсам деп кыялданам. Эң негизгиси эркек балалуу болсок деп күтүп жатабыз», - деди ал.

Баиза жеңе 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×