Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 08.10.2018 09:33

Миң-Куштагы окуучулар өздөрү топтогон каражатка айылды тазалап чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районундагы Миң-Куш айылы А.Ибраимов атындагы орто мектебиндеги окуучулар парламентинин демилгеси менен тазаланды. Бул үчүн окуучулар өздөрү уюштурган иш-чаралардан 2480 сом чогултушкан.

Бул сумма айылдагы «Таза коом» акциясына өз ыктыяры менен 6-11-класстардын окуучулары жана мугалимдер катышып, анын алкагында топтолгон болчу. Ал акчага айылдын аймагын ар кандай таштандылардан тазалоого керектүү каражаттарды алышкан. Натыйжада Миң-Куш айылынын 21-аянтчасындагы негизги көчөлөр жана эс алуучу жайлар тазаланып, жалпы 200 баштык таштанды чогултулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×