Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 14.10.2018 18:44

«Жеңеке»: Тарбиячы Бактыгүл кайнатасына «койлор отурат» деп айтып, күлкү болгонун эч унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн Бактыгүл Талайбек кызы аталган айылдан жолдошу Жыргалбек менен таанышып, 1,5 жыл сүйлөшүп баш кошушкан. Алар учурда Ак-Моюн айылында турушат. Бактыгүл жеңе менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен классташ кызы аркылуу таанышкан.

«Өзүм Баш-Кайыңды айылынан төрөлүп, Чыпай Асеков атындагы орто мектебинен билим алдым. Жолдошум дагы ушул айылдан. Бирок, биздин айыл чоң болгондуктан бири-бирибизди таанычу эмеспиз. 11-класста окуп жаткан чагымда классташ кызым үйүнө конокко чакырып калды. Жыргалбек (жолдошу) анын досу экен. Ошол жерден таанышып, анын адамгерчиликтүү мүнөзүн баалап жактырдым. Экөөбүз 1,5 жыл сүйлөшүп баш коштук.

Жаңы келин болуп барганда апам (кайненеси) орус тили сабагынан берген мугалим болгондуктан үйгө көп киши издеп келчү. Анын атынан айтып, чакырып алган күндөрүм көп болгон. Жаңы келин болуп барганда көптөгөн кызыктуу окуяларга туш болдум. Алардын бири, атам (кайнатасы) "эшикте койлор жатабы? Карап койчу" дегенинен "койлоруңуз отурат" десем "койлор дагы отурат бекен?" деп бир топко чейин күлкү болгом», - деди ал.

Бактыгүл жеңе 4 жылдан бери Ак-Моюн айылындагы «Тамчы булак» атындагы бала бакчада эмгектенип келет.

«Мен 2012-жылы Бишкек шаарындагы музыкалык колледжинин башталгыч класс жагын аяктадым. 2014-жылы айылыбыздагы бала бакчага алгач бала багуучу болуп кирип, 3 жылдан бери тарбиячымын. Окуу жылы эс алуудан кийин жаңы башталганда 1 айдай кыйналабыз. Анан көнүп кетебиз. Бөбөктөр менен иштешүү абдан кызыктуу. Алардын кыял-жоруктары, бал тилдүү сөздөрүнөн чарчаганыбызды деле унутуп коёбуз.

Бала бакчадагы көргөзмө куралдарды тарбиячылар болуп биргеликте жасайбыз. Идеяларды көбүнчө интернеттен алып, кийиз менен дагы иштейм. Буга чейин жарым жылдай кийизден бут кийимдердин түрүн жасап, киреше таап жүрдүм», - дейт ал.

Тарбиячы жолдошу менен 10 жылдан бери биргеликте түтүн булатып келет. Алардын 1 уул, 2 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×