Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуНарын району 06.10.2018 10:03

Нарындын Дөбөлү айылындагы жаңы курулган ФАП пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылындагы жаңы курулган фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ФАптын курулушу чет элдик демөөрчүлөрдүн жардамы менен бир жыл мурун башталып, ар кандай себептерден улам бүтпөй келген. Анын ачылышына айыл эли, демөөрчүлөр, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Роза Жумаева, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Сыяпат Сырдыбаева, айыл өкмөт башчысы Улан Алсеитов катышып, кызыл тасмасын кесишти.

Курулушка демөөрчү тарабынан 1 миллион 180 миң сом бөлүнсө, айылдык кеңештин депутаттары 25 миң сомго суу чыгарып бришкен. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 260 миң сом каралып, жеке ишкер тарабынан 8 миң сомго электр жабдыктары алынган. Эми 50 миң сомго көмүркана салынат.

Учурда айыл элине 4 медициналык кызматкер кызмат көрсөтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×