Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.10.2018 17:48

Карылар күнү: Ак-Талаада 102 жаштагы З.Шайдылдаевага белек тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы 102 жаштагы Зулайка Шайдылдаевага райондук бийлик тарабынан белек тапшырылгандыгын райадминистрациянын адиси Элмира Токтогулова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 1-октябрь — Карылар күнүнө карата акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова Ак-Тал айылындагы 102 жашка чыккан Зулайка апанын ден соолугун сурап, апага белек тапшырып кайтты.

Зулайка апа 1916-жылы Эмгекчил айылында туулган. 1956-жылы Ак-Тал айылындагы Ниязалы Шайдылдаевге турмушка чыгып, 20 жыл бирге өмүр сүрүп, 7 баланын ата-энеси болушту. Учурда Зулайка апанын 33 небереси, 47 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×