Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусу, Нарын 29.09.2018 10:53

Нарында окуучуну уурдоо аракети боюнча маалымат текшерилди, - ОИИБ

Turmush -  Нарында окуучуну уурдоого аракет көрүү фактысы боюнча тиешелүү органдардын кызматкерлери ыкчам тактоо иштерин жүргүзүштү. Буга чейин Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектептин окуучусу белгисиз адамдар аны уурдоого аракет кылгандыгы боюнча ата-энесине айтып, энеси Нарын ШИИБге арыз менен кайрылган.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, анын айткандары Нарын ШИИБ тарабынан иликтенип, жалган болуп чыкты.

Тактап айтканда, Нарын шаарынын 1980-жылы туулган тургуну А.А. 27-сентябрь күнү Нарын ШИИБге арыз менен кайрылган. Арызында 4-класста окуган уулу — 2008-жылы туулган М.А. бейтааныш 2 аял колунан кармап жулкулдатып жаткан жеринен шаардын тургуну куткарып калганын айтканын билдирген.

Арыз Нарын ШИИБге 27-сентябрь күнү катталып, окуучунун маалыматын тактоо максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлдү.

«ШИИБдин кызматкерлери, психолог жана мугалимдердин катышуусунда сурамжылоо жүргүзгөн учурда окуучу жалган айтканын айтып берди. Ал ошол күнү үйүнө кеч кайткандыктан ата-энесинен коркуп, жалган окуяны ойлоп тапканын билдирген.

Азыркы учурда Нарын облусундагы мектептерде милиция кызматкерлери тарабынан мугалимдер, ата-энелер жана мектеп окууучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат Нарын ОИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×