Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуНарын району 09.10.2018 22:02 На русском

Жубайлар: Мамлекеттик кызматтарда иштеп, эмгегин элге арнаган Үсөн ата менен Бурул апаны Ысык-Көл табыштырган (сүрөт)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — 54 жыл бирге өмүр сүрүп, 2 уул, 1 кыздуу болгон Үсөн Айыпов менен Бурул Жумагулова. Алар 8 неберелүү болуп, учурда балдарынын сый-урматын көрүшүүдө. Алардын таанышуусуна Ысык-Көл себеп болгонун аймактык кабарчыга айтып беришти.

Жубайлардын айтымында, жаш кездеринде мамлекеттик кызматтарда иштеп, балдарын тарбиялаган. Алар азыркыдай шаан-шөкөт менен үйлөнүшкөн эмес.

Үсөн Айыпов 1942-жылы Нарын районунун Чет-Нура айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал убакта тартип өтө күчтүү болуп, коррупция эмне экенин билишпегенин белгиледи. «Муниципалдык кызматтын отличниги», «Эмгек ардагери», «Нарын районунун ардактуу атуулу», «КРнын ардактуу аксакалы» наамдарына татыган. 40 жылга жакын мамлекеттик кызматтарда иштеп, эмгегин элге арнаган.

«Эмгек жолумду 1959-жылы өз айылымдагы Жданов атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөө менен баштагам. 1967-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктап, ушул эле жылы Жданов атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп 4 жыл иштедим. Андан соң 4 жыл Тянь-Шань райондук элге билим берүү бөлүмүндө мектеп инспектору, 1 жыл райондун Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын көп тираждуу гезитинде редактор, 1975-1991-жылдары Кыргызстан компартиясынын Тянь-Шань районунун райкомунун партиялык учет секторунун башчысы, 1993-1995-жылдары Нарын райондук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис, 1995-2012-жылдары Нарын райондук кеңешинин башкы адиси болуп эмгектендим. Бизде "партиялык апаратта иштеп жаткан адамдар сыйлык алышы керек, силерге эч нерсе жок" деп айтышчу. Азыр талашып алып жатышат. Чындыгында тартип өтө күчтүү болчу. Жумушка кечикпей келип, галстук тагынчубуз. Бизде азыр система башкача, тамандан башына чейин коррупция болуп кетти», - деди ал.

Бурул Жумагулова 1946-жылы Кемин районундагы Тегирменти айылында төрөлгөн. Бала чагынан билимге өтө көп көңүл бурган. Эмгегинин үзүрүн көрүп, «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», «Даңк» медалынын, ондогон төш белгилердин ээси жана мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси болгон. Ошондой эле Нарын облусунун, шаарынын «Ардактуу атуулу» наамдарына ээ болгон. Ал Нарын шаардык кеңеште, шаардык, райондук, администрацияда, маданият, китепкана тармагында иштеген. Китепканада 33 жыл, Нарын шаардык мэриясында 11 жыл, маданият тармагында 4 жыл, жалпы 50 жыл Нарын шаарында иштеп, ардактуу эс алууга чыкты.

«Ал кезде колхоз-совхоздорго атайын студенттерди жардам бергенге жиберишчү. Сарай курганы барып, жигиттер курулушта иштеп, 4 кыз тамак жасачу элек. Кечинде эс алууга Ысык-Көлгө барып, ошол жерден Үсөн экөөбүз таанышып калдык. 1,5 жыл сүйлөшүп жүрүп турмуш курдук. Ал кезде жашоо оор болду, азыркы жаштар менен бизди салыштырууга болбойт. 1 балалуу болдук, аны кайын агам багып алган. Андан кийин 1 уул, 1 кыздуу болдук. Учурда 8 неберебиз бар. Ал кезде тамагыбыз жок, кийимибиз жыртык деп кайгырчу эмеспиз. Ата-энебиз "өз күчүңөргө таянгыла, эмгек кылгыла" дешчү.

Окууну бүткөндөн кийин Нарынга келип калдык. Ал кезде мектептерде орун жок болгондуктан китепканада иштеп калдым. Талыкпай иштеген экенбиз, партия бизди билимге, эмгекке дагы сугарып коюптур. Нарын шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болдум. Андан кийин 2 жылга жетпей эле вице-мэр болуп 3 жылдай иштедим. Район менен шаар кошулуп, Нарын району деп аталып калды. Ошол жерде аппарат башчысы болуп иштеп жүрдүм. Союз тарап, өтө оор убактарда иштедик. Союз ыдырагандан кийин баарыбыз үчүн өтө оор болуп, байланыштын баары үзүлдү.

Нарын шаарынын эли-журту биздин байлыгыбыз. Нарын деген жерибиз, ичинде жашаган элибиз бар деп алыс кетсек да жүрөгүбүз дүкүлдөп кайра шашып келчүбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×