Ак-Талаанын Тоголок Молдо айылында 35 жаштагы тургунду сабаган жигит 5 жылга эркинен ажыратылды

Turmush - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылынын 35 жаштагы тургуну М.М.ны ур-тепкиге алып сабаган М.С. аттуу жаран 5 жылга эркинен ажыратылгандыгын райондук прокурордун улук жардамчысы Сапар Момбаев билдирди.
Маалым болгондой, 2018-жылдын 10-майында болжол менен саат 12:30 чамасында аталган айылдын Кененсары жана Мусакожо көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан айылдык оорукананын имаратынын күн чыгыш тарабындагы тосмосунун жанынан 1983-жылы туулган М.М. аттуу тургун менен чала таанышы М.С.нын ортосунда чыр чыккан. Андан соң, М.С. 35 жаштагы тургунду ур-токмокко алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Аталган факты боюнча 14-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 1-бөлүмү (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. 23-май күнү кылмышка шектүү катары М.С. кармалып камакка алынган.
Ак-Талаа райондук сотунун 2018-жылдын 30-августтагы өкүмү менен М.С. күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү көрсөтүлдү.