Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуНарын району 19.09.2018 10:20

Нарында жергиликтүү кеңештин депутаты пара алып жаткан жеринен кармалды

Turmush -  Нарында жергиликтүү кеңештин депутаты пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-сентябрда УКМКнын ККК тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ат-Башы районуна караштуу айылдардын биринин айылдык кеңешинин төрагасы, 1968-жылы туулган Б.А. 15 000 (он беш миң) сом пара алып жаткан учурда кармалган. Кармалган адам аймактык энергетикалык компаниянын кызматкерине өзүнүн абоненттеринен акча каражатын опузалап талап кылган фактылар бар деп жогору турган бийликке даттанаарын айтып коркутуп, 20 000 сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Нарын облустук прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-313-беренелеринде (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган адам Нарын шаарынын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×