Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.09.2018 11:15 На русском

Сүрөт — Нарында Кытайга бара жаткан «Фура» 97 койду сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 419-чакырымында Кытайга бара жаткан жүк ташуучу «Фура» 97 койду сүзүп өлтүрдү. Бул окуяны аймактык кабарчыга Нарын ЖКККББдан тастыкташты.

Маалым болгондой, 15-сентябрда болжол менен түнкү саат 02:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 419-чакырымында жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, чабан Ак-Сайдан Арпа жайлоосуна малдарын айдап бара жаткан учурда Кыргызстандан Кытайга кетип бара жаткан жүк ташуучу унаа чабанды койлору менен чогуу сүзгөн. Анын кесепетинен 97 кой өлүп, 15-20дай кой жабыркаган.

Учурда бул жол кырсык боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Нарын ЖКККББнын кызматкерлери, участкалык милиция кызматкерлери тарабынан жол коопсуздугу боюнча чабандарга, малчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду.

Ал эми жол кырсыгына кабылган чабан жабыркаган эмес.

Буга чейин аталган жол кырсык тууралуу окуянын күбөлөрү «Репортер» басылмасына билдирип, айдоочу караңгыда малды көрбөй калып сүзүп кеткендигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×