Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуНарын району 11.09.2018 14:30

Айыл турмушу: 16 бала төрөп, жетөөсүнөн айрылган А.Сулайманова 80 небере-чөбөрөлүү болгон (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну, баатыр эне Асыл Сулайманова 7 жыл чабан болуп иштеген. Бирок ага эмгек китепчеси ачылган эмес. Мындан улам баатыр эне дыйканчылык менен алек болуп кеткенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Асыл Сулайманова 1938-жылы Нарын районуна караштуу Ак-Булак айылында төрөлүп, кийин ата-энеси менен Учкун айылына көчүп барышкан. Үй-бүлөдө агасы экөө гана чоңойду. 1955-жылы турмушка чыгып, жолдошу экөө колхоздо эмгектенишкен. Кой артында жүрүп 16 бала төрөсө, алардын ичинен жетөөсү чарчап калды.

«1955-жылдан баштап жолдошум экөөбүз колхоздун малын багып, Арпадагы Тегерек деген жерде жашап жүрдүк. Ошондо 7 жыл койдун артынан жүрдүк. Биздин эмгекти баалашкан жок, ушуга нааразымын. Эмгек китепчеси ачылбаганына байланыштуу сарайчы, сугатчы болуп иштедик. Ал кезде кара жумушта акча албай иштечүбүз. Алгач 45 сом менен пенсияга чыккам. Бүгүнкү күндө тоонун бетинде жөө кой кайтарып жүрүп, бутумдун кан тамырлары жарылып, бут оорулуу болуп отурам.

Жалпы 16 бала төрөдүм, жетөө каза болуп калды. Калган балдарымдын баары үйлүү-жайлуу. Небере-чөбөрөлөрдү көрүп жатам», - деди ал.

Асыл Сулайманова: «Бир кызымды эмчек эмизбей, тежемел баккан бала таза болот экен деп баксам, анын түйшүгү андан бетер көп экен. Ат менен жүргөндө кызымды бешиги менен өңөрүп алчумун. Курсагы ачканда жерге түшө калып, сүт жылытып берчүмүн. Азап менен чоңойткон кызым каза болуп калды. Арпа жайлоосунан 2 эгиз балам төрөлгөндөн кийин, тактап айтканда 9 күндөн кийин чарчап калды. Жалпы 7 баламдан ажырадым», - деп кошумчалады.

Асыл Сулайманованын учурда 9 баласы, 40 небере жана 40 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×